Депутаттар "Баатыр эне" наамын алуудагы туура эмес талаптарды айтып чыгышты

ЖКда депутат Ташполот Балтабаев "Баатыр эне" наамын алууга болгон талаптарга токтолуп, айрым туура эмес жерлерин белгилеп, төрага Асылбек Жээнбековго кайрылды. "Азыр Кыргызстанда "Баатыр эне" наамын алыш үчүн энелердин эң кичине баласы 5 жашта болуп, ал эми калган улуу балдарынын баарынын көзү тирүү болуусу керек экен. Бул туура эмес. Ыраматылык Мелис Эшимканов "Кыргызстан страна абсурдстана" деген термин чыгарган эле. Эгер баатыр эне болчу эненин бир баласы Орусияга барып скинхеддердин колунан өлүп калса, анда кандай болуп калат? Эненин мээнетин да ойлош керек, анткени ошол баланы энеси төрөп, тарбиялып өстүрдү да. Муну президент менен кеңешип чечиш керек",- деди Балтабаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан