Турсунбай Бакир уулу "Ош шаарынын мэриясы текеберленбесин" деди

Бүгүн ЖКда депутат Турсунбай Бакир уулу Ош шаарынын мэриясынын иштегенине нааразы болуп, алардын чындыкты жалган деп бурмалап жатканын айтты. "Өткөндө Ош шаарында электр жарыгы өчүрүлүп жатат десем, Ош шаарынын мэриясы "андай эмес, баары жакшы. Бакир уулу такталбаган маалыматтарды айтып жатат" деп чыгышты. Биз элдин өкүлү болгондуктан, телефон чалуулар болот, көйгөйлөрдү билебиз. Мен Мелис Мырзакматовго айтат элем, мэриянын басма сөз кызматы текеберчиликтен алыс болсун деп. Андан көрө мага телефон чалып сурашпайбы, кайсы көчөлөрдө өчүп жатыптыр деп?",- дейт Бакир уулу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан