Баткен. Кадамжай районуна караштуу Масалиев айыл өкмөтүндө фельдшердик-акушердик пункт ачылды

27-ноябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Масалиев айыл өкмөтүндөгү Какыр айылында фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ачылды. Анын курулушуна Бириккен Улуттар Уюму 1000 доллар акча бөлүп берген. Ал эми медицинада керектелүүчү каражаттар менен Үч-Коргон дарыгерлер борбору тарабынан камсыздандырылган. Учурда бул ФАПта 1 дарыгер, 2 медайым, 1 тазалоочу кызматкер иштеп жатат деп кабарлады Кадамжай райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Исамидин Абдуллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан