Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов пандемия учурунда каражатты максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Биртанов кармалып, камакка алынган.
Ал 2017-жылы Казакстандын саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган. Биртанов өлкөдө коронавирус оорусу аныкталгандардын саны кескин көбөйүп, ооруканаларда орун жетишпей жаткан учурда кызматтан кеткени маалымдалган.