Аялдын маршруттук таксинин айдоочусун жемелеп, ур-тепкиге алган окуясы: айдоочу комментарий берди

Кечээ, 23-ноябрда социалдык тармактарга маршруттук каттамдын айдоочусун жүргүнчү аял тепкилеп, уят сөздөр менен сөгүп жаткандагы видео жарыяланган.
Кийин м
аршруттук таксинин айдоочусу айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгонун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Анда маршруттук таксинин айдоочусу Свердлов РИИББине арыз жазганы маалым болгон. Бул боюнча SUPER.KG порталы айдоочунун өзүн таап окуянын чоо-жайын сурады. Абдибаитов Залкар аттуу айдоочу чырдын башы жүргүнчүнүн жумушка кечигип жатканын айтып, доомат койгонунан башталганын айтты.

"Бул боюнча арыз жазып таштап койгом. Бүгүн карашмак. Бирок ишти караган тергөөчү эс алууда экен. Андыктан арызым боюнча иш эртең каралат дешти. Окуяга келсек, жүргүнчү "эртерээк айдабайсыңбы, мен жумушка кечигип жатам" деп нааразы болгонунан башталган, андан ары видеодо тартылгандай өнүгүп кетти. Анда мен Элебесов көчөсүндө айдап бара жаткам. Жүргүнчүлөрдүн арасынан бирөө ажыратууга жардам берип жатты. Калганы мындай айтып жатышты, бирок алардын да сөзүн укпай койду. Тергөөчүлөр ал аялды тапкан-таппаганынан кабарым жок. Эртең билинет" , - деди айдоочу.

Мындан тышкары №193 маршруттук каттамдын башка айдоочулары дагы окуя боюнча өз пикирлерин билдире кетишти.

"Биздин билишибизче ал жүргүнчү айдоочу менен урушкандан кийин түшүп калып, кайра эле кийинки №193чү маршруттук таксиге отурган. Негизи биздин жумушубуз деле оор да. Айрыкча кыш мезгилинде кирешеден чыгашабыз көп болот. Жумушка таң атпай чыгып кечке чейин жүрөбүз. Ушундай адамдар көп эле болот. Алар кадимкидей нервге тийишет. Ал эми жүргүнчүнүн айдоочуга "жай айдайсың" деген дооматы боюнча бардык жактагыдай эле биздин жумушта да белгилүү тартип бар. Маршруттук таксилер каттамга чыкканда интервалды сакташы керек. Алдыдагы унаа тыгын болуп убактысынан кеч калып калса, андан ашып кетпеш керек. Анткени анын жүргүнчүлөрүн тартып алгандай болуп калабыз. Ал бош кетип калат", - деди атын атагысы келбеген айдоочу.

Жүргүнчү айдоочуга кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Assalomuallekum
2020-11-25 10:29:41
Бул аял эмес,айбанго аял затты сылык,ыймандуу болот
+10
ika8086
2020-11-25 11:24:36
шашылгандарга такси толтура.Таксини акчасына чыдашпайт анан маршуткадан кучун чыгарат ана катын малго тазззале бутун сынгыыыыр.Агасын,инисин же болбосо атасын бироо ушинтип тепсе кандай болот экен.Жанындагы коштогон ээри окшойт шашылса такси кармап кетпейби?Ар бир маршутка,тралейбустардын озунун минутасы,линиясы болот.Эмне мынча чочкодой болуп канкылдайт ана катын.Озунун кыйындыгын эмес мал экенин корсотуп койду
+11
Luna15
2020-11-25 12:58:52
Комментарийлерди окуп озу деле уялып жатса керек,энелер *ЭНЕ*деген атка татыктуу бололучу
+7
Meken28
2020-11-25 21:57:51
Kuioosu dagy ayalynan better go bular kandai baldardy tarbiyalait tooba kyldym.Erkek bashy mn ayalynan better ajyldap,uiaty joktor,kudaidyn kaaryna kalgyrlar,Ushundailardyn aiynan avariya kop bolot.Uiat uiat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан