Башкортостанда карылар үйүнөн өрт чыгып 11 адам каза болду

Башкортостанда карылар үйүнөн өрт чыгып 11 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.

Белгилүү болгондой, өрт 15-декабрга караган түнү Башкортостандагы Ишбулдино айылынан чыккан. Алдын ала маалыматтарга караганда өрт чыккан үй оор кырдаалга кабылган кары-картаңдар баш калкалоочу жай болгон. Кырсык шалаакылыктын айынан келип чыгышы мүмкүн.

"Өрт чыккан үйдүн узуну 9, туурасы 8 метрге жетип, жыгачтан салынган. Жалпы 16 адамдын ичинен 5 адам өрт өчүрүүчүлөр келгенче өз алдынча үйдөн чыгып кетүүгө жетишкен. 11 адамдын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылды. Учурда өрт толугу менен өчүрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Айрым маалымат булактары жазгандай, аталган үйдө кары-картаңдарга туруктуу жашоого уруксат берген лицензия болгон эмес. Үй убактылуу жардам алууга гана ылайыкталган. Башкортостан Республикасында өзгөчө кырдаал жарыяланып, прокуратура тарабынан "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lordbek
2020-12-15 11:45:50
Башкортостан Россиянын курамында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан