10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоого жалпы 17 талапкер ат салышты. Шайлоо тилкелери 20:00дө жабылып, алдын-ала жыйынтыктар боюнча Садыр Жапаров алдыңкы орунда.
Ал эми президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай шайлоонун жыйынтыгына макулдугун айтты. Бирок Жапаровдун президент болушу кыргызга кырсык-кыйынчылык, оору алып келерин кошумчалады. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен Садыр Жапаровду жеңди деген жокмун. Анын президенттик шайлоодо жеңгенин кыргызга кырсык-кыйынчылык, оору алып келет дейм. Себеби мен шайлоодо акыркы болгонумду эми угуп олтурам. Буга мен нааразычылык көрсөтпөйм. Анткени мен ааламдан буюрган адаммын. Мен касиетим менен дүйнөнү чөгөлөтүп, өз милдетимди аткара берем. Бийликке барып кыргызды касиет күчүм менен кырсыктатпай куткарып кетем дегем. Бирок мен кыргыздын улуулугун ушунча жыл көкөлөтсөм, жылдап сабак өтсөм, кыргыздын чын эле деңгээли түшкөнүнө капамын. Түрмөдөн чыккан Садыр Жапаров көтөрүлүп, ааламдын адамы ылдый түшүп калганы бул адамдар үчүн адилетсиздик. Садыр ааламдан буюрулган эмес. Себеби анын касиет күчү жок. Ошондуктан мен жеңиш көргөн жокмун", - деди Арстан Алай.