Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйынга БШКнын 11 мүчөсү катышып жатат.
Күн тартибиндеги биринчи маселе катары Ош шаарынын №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөөнү жүргүзүү жөнүндө каралды.
Буга чейин БШКнын укуктук-камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу президенттикке талапкер Курсан Асановдун арызы боюнча БШК мүчөлөрүнө 3 шайлоо тилкеси боюнча добуштарды кайра саноону БШКнын жумушчу тобу сунуштап жатканын маалымдаган.
Жыйында добуш берүү жашыруун өтүүсү керек. "Эгер кайра саноодо талапкер айткан добуштар аныкталбай калса, ким жоопкерчилигин тартат?",- деген суроо коюлду.
Буга карата Абдыжапар Бекматов: "Биринчиден бул маселе боюнча биздин системдин тактыгын, аныктыгын көрсөтүү керек. Арыз берүүчүнүн жоопкерчилиги ал экинчи маселе. Алар өзү добуштардын жашыруундугу боюнча мыйзамды бузуп жатат. Бирок бул кийинки маселе", - деди.
БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев: "Биз азыр добуштарды саноого жол берсек, башкалар дагы ушундай арыздар менен кайрылышы мүмкүн",- деген пикирин билдирди.
Ал эми БШКнын башка мүчөсү Гүлнара Журабаева: "Биз тескерисинче кайра добуш саноо боюнча сунушту кабыл алсак, систем туура иштеп жатканын жана добуштарды саноодо махинациялар жасалбай турганын көрсөтө алабыз", - деген оюн айтты.
Ошентип Курсан Асановдун арызы боюнча БШКнын жумушчу тобунун сунушталган чечиминин долбоору добушка коюлуп, анда БШКнын 11 мүчөсү макул, 1 мүчөсү каршы деген добушун берди.
Жыйынтыгында Ош шаарындагы №5319, №5320, №5559 шайлоо тилкелери боюнча добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынды.