Ысык-Көлдө кар көчкү түшүп, Каракол-Эңилчек унаа жолу жабылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү саат 05:30 чамасында Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда болжол менен 1800 метр квадрат кар көчкүсү түшүп, унаа жол жабылган.

"Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылды. Тартылган техникалардын жардамында саат 09:00дө унаа жол бир тараптуу ачылып, саат 19:30да толук тазаланган.

Ошондой эле Ак-Суу районунун Каракол-Эңилчек унаа жолунда адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында аталган аймактын акими Каракол-Эңилчек унаа жолун 1-апрелге чейин жапкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан