Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Руслан Алтымышев дайындалды

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп Руслан Алтымышев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, буга чейин биринчи вице-мэр Нуртилек Орозбаев шаардык кеңештин депутаттыгына аттанып, мандат алуу алдында тургандыгына байланыштуу кызматын өз каалоосу менен тапшырды.
Ага ылайык мэриянын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп 41 жаштагы Гульбарчын Таштанбекова дайындалды. Ал буга чейин бир катар банктарда юрист болуп эмгектенген.
Эскерте кетсек, Руслан Алтымышев 2017-жылдын декабрынан бери социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп турган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан