АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушун дипломатиялык жол менен чечүү аракетинде бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымат булактарына таянуу менен жазып чыкты.
"АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израил кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракети үчүн өткөн аптада Иранга сокку ура баштагандан бери бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөштү", — деп жазат басылма.
Басылманын булактарынын айтымында, Арахчи Уиткоффко Израил чабуулдарын токтотпосо, Тегеран АКШ менен сүйлөшүү үстөлүнө кайтпай турганын ачык айткан.
Мындан тышкары Арахчи АКШны Израилге басым кылууга көндүрүүгө аракет кылды.