Кечээ күнү саат 11лер чамасында Сузак районуна караштуу Маркай айылында жайгашкан Токтоболотов Аттокурга тиешелүү "Кыял" менчик шахтасында, шахтанын жетекчисинин уруксаты жок көмүр казып жатканда газга ууланып 5 адам каза болгон эле. Каза болгон адамдардын денелери жергиликтүү эл тарабынан шахтадан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген болчу. Бүгүн каза болгондордун аты-жөнү такталганын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Каза болгондор:
1. Уркумбаев К. 1990-жылы туулган, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Маркай айылынын тургуну;
2. Матиев Ж. 1962-жылы туулган, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Маркай айылынын тургуну;
3. Токтогулов А. 1976-жылы туулган, Базар-Коргон району Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылынын тургуну;
4. Салиев К. 1976-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Ак-Тоок айылынын тургуну;
5. Салиев Э. 1996-жылы туулган, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Ак-Тоок айылынын тургуну.