АКШнын президенти Дональд Трамп Филиппин менен соода келишими боюнча ишти бүтүргөнүн жарыялады. Ал Ак үйдө Филиппиндин президенти кенже Фердинанд Маркос менен болгон жолугушуудан кийин Truth социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
"Бул абдан жакшы визит болду жана биз соода келишими боюнча ишти бүтүрдүк. Бул келишимге ылайык, Филиппин АКШга эч кандай тарифсиз өз базарын ачат. Ал эми Филиппин бизге 19 пайыздык бажы төлөмүн төлөйт. Биз аскердик жактан да кызматташабыз. Ал өз өлкөсүндө чоң урматка ээ. Ал абдан жакшы жана абдан катаал сүйлөшүүчү",- деп жазды америкалык лидер.
Эске салсак, 2-апрелде Трамп 17-апрелден тарта Филиппинге 17 пайыздык тарифтер киргизиле турганын, ал эми айдын башында жиберген “тарифтик катында” 1-августтан тарта өлкөгө 20 пайыздык тарифтер киргизиле турганын билдирген.