"Мас айдоочулардын арасында аялдар да бар". Ысык-Көлдө курорттук эс алуу жайларында рейд өттү (видео)

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү айдоочуларга карата рейд өттү, мас айдоочулардын арасында аялдар да бар. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жайкы туристтик мезгилде жол коопсуздугун сактоо максатында облус аймагында дем алыш күндөрү атайын рейд өткөрүлдү. 26-27-июнь күндөрү милиция кызматкерлери курорттук-эс алуу жайларынын негизги бөлүгү жайгашкан калктуу пункттарда текшерүү иштерин жүргүзүштү.

"Эки күндүк иш-чарада жол эрежелеринин талаптарын бузуу боюнча 72 факты аныкталды, анын ичинен 7 айдоочу мас абалында автоунааларын башкарып жүрүшкөн. Тилекке каршы, мас айдоочулардын арасында айымдар да жок эмес. Айып короосуна 12 унаа токтотулду", - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБи боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов.

Мекемеден белгилегендей, ар бир жол кыймылынын катышуучусунун кыраакылыгы жалпы жол коопсуздуктун ачкычы болуп саналат. Эгерде жол эрежесинин бузулганына күбөлөр болсо, кайдыгер карабай милицияга кабарлоо туура чечим болот.

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү айдоочуларга карата рейд өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-06-29 00:54:20
Көзүн жаап койбойсуңарбы май айдоочулардын.
+3
Aybiyke
2021-06-29 04:05:28
Бир уй булону жок кылдынар ичип алып сукалар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан