Ооганстан: Кандагар аэропорту бардык аба каттамдарын токтотту

Ооганстандын Кандагар аэропортундагы бардык аба каттамдары өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" согушкерлеринин кагылышуусунан улам токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кагылышуудан улам бардык аэропортко кирүүчү жана чыгуучу аба каттамдары токтотулган. Учурда кагылышуу шаардын борбордук бөлүгүндө уланууда жана "Талибан" кыймылы шаардагы оорукананы басып алган.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-08-12 23:48:18
кирч
0
suban78
2021-08-13 00:24:08
Эн негизиси тынччылык болсун экен да. Калганы аз аздан боло берет экен гоо...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан