Бүгүн, 22-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалына күбө болушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Айта кетсек, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Жапаров менен Хурэлсухдун Ынтымак ордодогу жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду.