Ооганстандын президенти Ашраф Гани Оман Султанатында экени айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Ооганстандын президенти Ашраф Гани Оман Султанатында экени айтылганы менен аталган өлкөнүн бийлиги мындай маалыматты четке каккан. Ооганстандын президенти 15-августта өлкөдөн "согушту болтурбоо үчүн" кеткенин айткан. Ал эми анын кайда экени расмий түрдө айтыла элек.
15-августта түштөн кийин талиб согушкерлери Кабулга киргенден кийин президент Ашраф Ганинин Ооганстандан качып кеткени тууралуу кабар түшкөн. Ал убактылуу башпаанек таба алган өлкөлөрдүн арасында Тажикстан да болгону айтылган.