"Капталы сыйрылып...". Кытай чемпиондору Токиодон алган алтын медалдарынын сапатына нааразы

Кытайдын "Токио-2020" жайкы Олимпиадасынын бир нече чемпиондору алтын медалдарынын капталы сыйрылып жатканын жарыялашып, нааразы болушкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында узундукка секирүү боюнча чемпион болгон Жу Сюэйинг алтын медалынын сыйрыла баштаганын биринчилерден болуп жарыялаган.

Ошондой эле 200 метрге сууда сүзүү боюнча Олимпиада чемпиону Ван Шун жана тегиз эмес штангадагы көнүгүүлөрдүн чемпиону Зоу Цзинюань да медалдардын сапатына нааразы болушкан.

"Медалдын сырткы катмары алтын эмес, ал атайын коргоочу плёнка менен капталган жана бул медалдын сапатынын төмөндүгүн түшүндүрбөйт", - деп Токиодогу Олимпиадалык оюндарынын уюштуруу комитети билдирген.

Эске салсак, Токио Олимпиадасынын медалдары кайра иштетилген тиричилик электроникасынан (мобилдик телефон, гаджет) жасалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Eden-Hazard
2021-08-26 00:40:19
Өзүңөргө жараша сапаттуу кылды да. КИТАЙСКИЙ КЫЛЫП
+9
Rifle_I
2021-08-26 20:27:01
Eden-Hazard,
Китайский деген түшүнүк жоголду азыр. Дүйнөдө эң сапаттуу товарлар Кытайдан өндүрүлөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан