WhatsApp мессенжерин иштеп чыгуучулар колдонуучулардын маектештеринин билдирүүлөрүнө реакция калтыра ала турган жаңы функция пайда болгонун жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.
Маалыматта айтылгандай, аталган функция Instagram, Twitter, iMessage социалдык тармактарында жеткиликтүү жана колдонуучулар колдонуп келишет.
Белгиленгендей, тестирлөөдөн кийин жаңы функция Android жана iOS платформасындагы түзмөктөр үчүн жеткиликтүү болот. Аны колдонуу үчүн WhatsApp тиркемесин жаңыртуу керек болот.