"Баннер менен жаап коёбуз". Бишкектин мэри эски прокуратуранын имараты үчүн коноктордон уяларын айтты

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында өрттөнүп кеткен прокуратуранын имаратынын ордуна жаңы объект куруу долбоору боюнча айтты.

Анын айтканына караганда, аталган имарат өрттөнгөнүнө 12 жыл болгон.

"Өрттөнүп кеткен прокуратуранын имаратын баннер менен жаап коёбуз. Ар дайым бизге коноктор, туристтер келет. Уяласың, өзүңдү ыңгайсыз сезесиң. Ал жерде 40 сотых жер бар. Борбордо жайгашкан жакшы жер. Ал имараттын ордунда жаңы объект долбоорлоо боюнча сынак жарыяладык. Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды. Анын ичинен бирөөсүн тандап алабыз", - деди мэр.

Белгилесек, Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат мурда Башкы прокуратуранын кеңсеси болчу. Ал 2010-жылы апрель ыңкылабында белгисиз адамдар тарабынан өрттөлгөн. Имарат Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына карайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан