Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Тутуев аталган кызматка 2022-жылдын 16-февралында дайындалган.