Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттөнгөн унаа тоннелдин түштүк тарабына алып чыгарылган. Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн энергетиктер иштөөдө.
Буга чейин К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде унаа бузулуп, күйүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө тоннель эки тарабынан убактылуу жабылган.