Ысык-Көлдө катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында катуу шамал болуп Д.Иманов атындагы орто мепктептин чатырын учуруп кеткен.
Болжол менен 1036 чарчы метрлик шыйпыр жараксыз абалга келген.
Жерине Жети-Өгүз райондук куткаруу кызматынан 3 офицер келип, мектептин абалы менен таанышкан.
Бүгүн, 6-июлда Жети-Өгүз райондук жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымдарды эсептеп, чатырын жабууга кам көрүшөт.