Баткенде 375 орундуу жаңы мектеп курулууда

Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Баткен шаарындагы жаңы мектептин курулушу 90 пайызга аяктады.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жайы жакында пайдаланууга берилет. Учурда сырткы жасалгалоо иштери жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдѳ.

Мектеп 375 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 700 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Курулуш иштери 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын эсебинен башталган. Анын сметалык баасы 1 миллион 263 миң долларды түзѳт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан