Өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Бообек Турсункулов убактылуу кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
19-апрелде УКМК Турсункулов айдоо жерлерин бөлүштүрүү боюнча иштин оң жагына чечилиши үчүн 25 миң сом талап кылганын кабарлаган. Башкы прокуратура аталган фактыны Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (акча талап кылуу) боюнча каттаган.
Судьялар кеңеши башкы прокурордун судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу өтүнүчүнө макулдук берген.