Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чаткал районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июль күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун эли менен жолугушууда.
Бүгүнкү жолугушуу учурунда Чаткал районунун тургундары өздөрүнүн Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан нааразычылыктарын айтышып, тергөө учурунда калыстыктан тайып, экинчи тарапка жан тарткан учурлары байкалып жатканын, тергөө кызматы эч кимге тартпай акыйкат иш жүргүзүшү керектигин көзөмөлгө алууну жана тергелип жаткан иштерди Улан Ниязбековдон мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышты.