Кыргыз спортчусу Таиландда көркөм гимнастика боюнча коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Таиландда көркөм гимнастика боюнча коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Паттайя шаарында өткөн чемпиондукка Бадыкеева Асема 3-орунга ээ болуп, финалдык жыйынтык менен коло медаль тагынды. Бул көркөм гимнастика боюнча Кыргызстан курамасынын биринчи коло медалы экени айтылат.

"Чемпиондукка Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Сингапур, Монголия, Индия жана Таиланддан барган гимнасттар катышты.

Сатыкеева Тинатин топ менен көнүгүү боюнча квалификацияда 3-орунду, финалда 4-орунду ээледи.
Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу Ким София Кыргызстан курама командасынын курамында топтук машыгуулар боюнча катышты.

Өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугундагы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан курама командасы жеке көнүгүүлөрдүн 4 түрү (обруч, топ, булава, лента) жана тайпалык көнүгүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2 түрү (5 скакалка, 5 топ) командалык 4-орунду ээлешти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан