Ош шаарында милициянын кайгуул кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июль күнү 15:00 чамасында "102" номуруна кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасынын тургуну (аял киши) өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан секирүүгө аракет кылып жатканы айтылган.
Окуя болгон жерге үч кайгуул кызматкери барып, аялдын өмүрүн сактап калышкан.
Жерине милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын капитаны Жаанбаев Р., милициянын страшинасы Сеитбеков Н. менен милициянын кенже сержанты Абдиманап уулу Б. барышкан. Милициянын кайгуул кызматкерлери үйдүн төмөн жагынан аялды алаксытып, кепке тартып турушса, бир кызматкер бешинчи кабаттагы батирге кирип, аялды куткарып калууга үлгүргөн. Ал 31 жаштагы аял болгон. Аны жакындарына өткөрүп беришти.