Өлкөдө туугандарынын камкордугусуз жашаган мигранттардын 5 миңден ашык баласы аныкталды

Өлкөдө туугандарынын камкордугусуз жашаган мигранттардын 5 миң 400 баласы аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган министрлик тарабынан жыл башынан бери эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо боюнча 148 миң 920 үймө-үй текшерүү жүргүзүлгөн.

"Мигрант ата-энелердин 88 миң 34 баласы, алардын ичинен тышкы мигранттардын балдары - 73 миң 546 (83,5%), ички мигранттардын балдары - 14 миң 448 (16,5%) аныкталды.

Табылган учурда алар менен туугандык байланышы жок адамдарда 5 миң 400 бала жашаган (2021-жылы -1 миң 500 бала). Мында Кыргызстандын аймагында болбогон мезгилге расмий камкорчуну дайындоо боюнча ата-энелер тарабынан чаралар көрүлгөн эмес.

Мигрант ата-энелердин аныкталган балдарынын ичинен 863 бала алдын ала камкордукка алынган, соттун чечими боюнча 256 бала көзөмөлчүлүккө берилген. 28 бала багып алуучу үй-бүлөлөргө берилип, 24 бала интернаттык мекемелерге жөнөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Мигрант ата-энелердин аныкталган балдарынын үй-бүлөлөрү менен балдарды камкордукка алууну тариздөө зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан