Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 14-июлунан тартып "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 36-беренесине ылайык, Нурлан Турганбекович өз каалоосу менен кызматын токтоткон.