Кара-Сууда логистикалык борбор курууга 8 гектар жер трансформацияланды

Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8 гектар жер трансформацияланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда жазылгандай, Нариман айыл аймагындагы №232 контурда жайгашкан 8 гектар жер тилкеси Кара-Суу району “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн которулган. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт. Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында өнөр жайлык-өндүрүштүк компонент катары кургатылган жемиштерди вакуумдук муздатуу жана өзүнчө кургатуу жолу менен өндүрүү ишке киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан