Улуттук энергохолдинг энергетика секторунун башкаруу түзүмүн өзгөртүү ишин аягына чыгарды. Бул туурасында мекеменин маалыматына айтылат.
Маалым болгондой, ишканаларды бириктирүүнүн натыйжасында 1 миллиард сомдук акча каражаты үнөмдөлүүсү күтүлүүдө.
"Бул каражат жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ГЭСтерди модернизациялоого жана карыздарды төлөөгө жумшалат. Мында энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компаниялар "Кыргызстан Улуттук электр тармагы" (КУЭТ) акционердик коому менен бириктирилип, абоненттерди тейлөө боюнча бир мекеме түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
КУЭТ мекемеси облустарда төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр аркылуу иш жүргүзөт:
Эскерте кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялары менен бирге облустарда жогорку чыңалуудагы ишканалар ишин алып келген. Эми болсо алар бир түзүмдүк бөлүм болду. Мындан тышкары "Бишкек жылуулук тармактары" акционердик коому "Электр станциялары" ААКсы менен бириктирилди.