Германиянын Эссен шаарында 16-июлда жайкы дүйнөлүк универсиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Ага 150 өлкөдөн 9000 студент катышат.
Кыргызстандан жалпы 16 спортчу катышат, мелдештер Германиянын Бохум, Эссен, Дуйбург, Мюльхайм-на-Руре, Хаген жана Берлин шаарларында 27-июлга чейин өтөт.