Бишкек шаарында 28-августта «Ден соолук менден башталат!» аттуу ураандын алдында веложүрүш өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин администрациясы менен биргеликте «Вело friends позитив kg» коомдук уюмунун жана «Алтын дөңгөлөк» велоклубунун колдоосу менен «Кыргыз Жараны» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Иш-чара төмөнкү программа боюнча өткөрүлөт: