Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу иши 70 пайызга бүттү

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун 2022-жылга пландалган 5 чакырым жолдун 70 пайызы бүттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Андагы маалыматта айтылгандай, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу жумуштары аткарылууда.

"2022-жылга карата 5 чакырым темир жол куруу мерчемделген, учурда жумуштун 70 пайызы бүткөрүлдү. Ишкана жылдын аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары дагы 3 чакырым темир жол курууну пландап жатат. Эң орчундуу болгон тилке Боз-Бармак тоосун ортосунан тешип, каздыруу иштери жүрүп жатат. Болжол менен узундугу 600 метр, тереңдиги 16-17 метр, ал эми үстүнкү катмары жээктери (откостору) 70 метрди түзөт.

Каздыруу иштеринин жүрүшүндө биздин заманга чейинки III кылымга таандык коргондар табылып, учурда археологиялык изилдөө иштери жүрүүдө. Бүт жумуштар ишкананын өз каражатынын эсебинен аткарылып жатат. Учурда жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган.

Бүткөрүлгөн жана ушул жылга пландалган жумуштар "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда. Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн "Кара-Кече" күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ. Бүгүнкү күндө "Кара-Кече" кенинен көмүр транспорт менен Балыкчы станциясына жеткирилет, андан ары темир жол аркылуу Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү башка калктуу пункттарга ташылат. Көмүрдү транспорт менен ташуу көмүрдүн өзүнүн наркынын бир кыйла өсүшүнө жана жолдун катмарынын эрте бузулушуна алып келет. Ушуга байланыштуу Балыкчы станциясынан көмүр кенине чейин темир жолду куруу - экономикалык пайда алып келет жана аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан