Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны уланууда

Бүгүн, 26-август күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин экинчи күнү өтүүдө.

Кечээ, 25-август күнү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өткөн. Ал эми бүгүн кеңири форматтагы жыйындар өткөрүлөт.

Учурда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 10 жылдыгына карата арналган атайын почта маркасын түзүү аземи өттү.

Отурумга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан