Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар төмөнкүлөр:
– «Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө» буйрук;
– «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;
– «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору тууралуу» маселе боюнча тапшырма;
– «Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырмалар;
– «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө» буйрук;
– «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын өз ара сооданын алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда колдонууну кеңейтүү боюнча мындан аркы иштер жөнүндө» буйрук;
– «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук;
– «Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» жарлык;
– «Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2022-жылдын 20-21-октябрында Армения Республикасында өтөт.