Экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды

Экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Момбеков 2003-жылдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун пайдаланып, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына тапшырып, 2014-жылы “Эл аралык мамиле” багыты боюнча окуусун аяктаган.

Аныкталгандай, Кыргыз улуттук университетинен Рыскелди Момбековдун наамына белгиленген диплом 2003-жылы берилген эмес. Буга байланыштуу Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан