11-сентябрь күнү Сербиянын борбору Белград шаарындагы Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов венгриялык балбанды жеңип, алтын медалга ээ болду.
Ал эми 13-сентябрда ошол эле күрөш түрү боюнча 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков финалда болгариялык Армен Эдмонд Назарян аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 11:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Дүйнө чемпиондугуна кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн украиналык балбан кыз менен кез келип, 8:7 эсебинде жеңилип калды.
Ошондой эле 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда Хуан Ванг аттуу балбан кыз менен кез келип, тилекке каршы, 7:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Мындан улам кыргыз эл акыны Жеңишбек Жумакадыр жана акын Бердибек Жамгырчиев аталган спортчуларга куттуктоо, колдоо ырларын жарыялашты.
Даярга көнгөн ак кол бар,
Туу кармап жүрөр нак кол бар!
Ата-Журт баркын көтөргөн,
Намыстуу баатыр Акжол бар!
Сүйүнбөс кандай аргам бар,
Сүрдөбөй бийик баргандар!
Кылымды кайра жаңыртты,
Кыргыздан чыккан балбандар!
Бердибек Жамгырчиев
Ай, Күнгө багы тең экен,
Айсулуу чыны эр экен.
Ыркы жок чоңдордон көрө,
Ырахмат сага берекем!
Суктанып карайт Күн сени,
Кызганып карайт Ай сени.
Ааламдын оозун ачырдың,
Алтын кыз биздин Айпери!
Жеңишбек Жумакадыр
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков да өзүнүн кутуктоо ыры менен бөлүштү.
ЖОЛдор
Далай шерди жерге ныгырып,
Эки балбан алтын тагынды.
Кыргыз даңкы ааламга угулуп,
Туубуз жайнап, гимн жаңырды.
Баатыр уулдар чыкса утуру,
Башка конгон бакыт кушу бу.
Бири - АкЖОЛ, бири - ЖОЛаман,
Жол ачылат деген ушубу?
Оомат күтүп, ыйык мекеним,
Аткай таңы узак кеченин.
Уулдардын ушул экөөндөй,
Таппай калсак экен эсебин.
Баатырларым Акжол, Жоламан,
Кудай колдоп дайым бол аман.
Алтын тамга менен кооздолот,
Силер тарых жазган доор, заман…