Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки кыргыз аскери жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки кыргыз аскери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-сентябрда Булак-Башы тилкесинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери жаракат алган.
"Миномёттун снарядынын жарылышынын кесепетинен бир чек арачы жеңил жаракат алган. Миномёттун снарядынын сыныктары денесин чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды. Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алып, тажик тарап миномёт колдонгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkegenje
2022-09-14 14:29:00
Эки достун пайдасы ушул жөн туруп берди эле эми көзгө илбей койдулар ошондо эле сазайын бериш керек эле эх атинай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан