Баткен районунун Как-Сай тилкесинде кыргыз-тажик аскерлеринин ортосунда ок атышуу болуп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Алгач тажик тарап Баткен чек ара отрядынын “Достук” чек ара заставасынын чек арачыларын көздөй ок аткан. Андан кийин кыргыз чек арачылары да жооп кайтарып ок чыгарышты.
"Саат 14:00гө карата аймакта ок атышуу уланып жатат", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланган болчу. Облус башчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, ок атышуу токтогонун билдирген. Бирок андан көп убакыт өтпөй эле кайрадан ок атыла баштаган.
УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.
Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномёт колдоно баштаган.