УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу болуп жаткан жердеги жоокердин видеосун бөлүштү.
Анда аскер адам саат 10:10го карата маалымат берген.
"Тажик аскерлери мурдагы макулдашууларга карабай, түзүлгөн келишимдерди бузуу менен Кыргызстанга кол салып, курал колдонууну улантууда. Алар чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салууда", - деген кыргыз жоокери.
Ошондой эле ал бир карыш жер да берилбей тургандыгын, кыргыз жоокерлери кашык каны калганча кармашарын белгиледи.