"Тажиктер окоп казып жатыптыр". Депутат тез арада Баткенге өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Коңшу Тажикстан чек арага жакын аймакта окоп казып даярданып жатат деген маалыматтан кийин Баткенге өзгөчө көңүл буруш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Омурзаков билдирди.

"Баткендеги "Головной" деген жерде Тажикстандын жарандары курал-жарак ташып жатат деген маалымат чыгып жатат. Биз Тажикстан менен өткөндө протоколго кол койдук. Анан эми муну кандай түшүнсө болот? Кечээ бардыгыбыз көрдүк го, курал-жарак алып келип, окопторду казып жатышат.

Кечээ мага Баткен, Лейлектен жаш балдар келишти. Алар "Биз көрүп жатабыз, окоп казып, даярданып жатышат" дейт. Алар менен протоколдун негизинде жолугушуу өткөрүш керек да мына көрүп жатабыз деп. Унчукпай отура берсек эртең эмне болот", - деди депутат.

Ошондой эле депутат Лейлекте эркек адамдар гана калганын айтып, бүгүнкү күндө биринчи маселе Баткен облусу болушу керек экендигин белгиледи.

"Тажиктер акоп казып жатыптыр". Депутат тез арада Баткенге өзгөчө көңүл бурууга чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
subhan80
2022-10-20 11:16:00
Баткенге эле эмес бут границага караштыргыла
0
Toxa76
2022-10-20 11:38:00
0
Toxa76
2022-10-20 11:38:00
Биринчи кезекте армияны кучтондуруш керек.Акчаны армияга курал жаракка жумшаш керек болуп калды.Оюн зоокко айлыктарга эмес.Керек болсо элден дагы чогултуу учун эсеп ачыш керек.Ким колунан келген салымын кошот.Орттоп кеткенден кийин помощь бергенден коро алдын ала коргонолу
0
Alixan-Nookat.2015
2022-10-20 12:06:00
Буларды Худжантка чейин жеткириш керек болуп калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан