Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын-Баетов унаа жолунун курулуш иштерин жеринен текшерип, иштин жүрүшүн сынга алды.
Ал жолдун салынышына жооптуу кызмат адамдарын жемеге алып, өзүнүн орун басары Талантбек Солтобаевге да ачууланды.
"Жумушту жасай албасаңар кеткиле да, эмнеге жүрөсүңөр? Тогуз айда беш чакырымды бүткөрүш керек болчу. Силер иштей албайсыңар. Үч ай мурун "бир айда бүткөргүлө" деп айткам. Кана эми? Он күн убакыт берем. Эгерде бүтпөсө Талантбек Осмонбекович сизди жоопко тартам. Уктуңузбу? Могу жерден жылбайсыз", - деди ал.