Ошто 15 жаштагы кызды ала качкандар эки айга СИЗО-25ке киргизилди

Ош шаарында 15 жаштагы кызды күч колдонуп ала качкан 4 жигит эки айга камакка алынды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ош шаардык сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, сот алардын баш коргоо чарасын кечээ, 20-октябрда карап, кыз ала качкандар 2 айга камакка алынды. Тагыраагы, алар 18-декабрга чейин Оштогу СИЗО-25ке киргизилди.

18-октябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Ош шаарынын 2007-жылы туулган тургунун ала качып бара жаткан жеринен 4 жаран кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан