“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынганын Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, мындай чектөөлөр кечээ, 31-октябрь күнү туруксуз аба ырайына байланыштуу киргизилген.
Министрлик Бишкек-Ош жолуна чыккан айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону сунуштады.