Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнө 98 жыл толду. Аны менен катарлаш Ала-Бука районунун тургуну, милициянын ардагери Артык Камалов да 98 жаш кутман курагын белгилеп жатат. Аны кош майрамы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери куттукташты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, милициянын ардагерине бекем ден соолук каалап, баалуу белектер менен сыйлашты. Ал эми аксакал жергебизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибизде токчулук болушун каалап, ак батасын берди.
Артык Камалов милициянын түзүлгөн жылында туулуп, ички иштер кызматында иштеген. Ал эми ардактуу эс алууга 1982-жылы чыккан.