Ысык-Көлдөгү мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин ысымы ыйгарылды

Ысык-Көлдөгү мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалымдалгандай, ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө "шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышы ыйгарылган.

Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды.

Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу пайдалануу жана экологияга аяр мамиле кылууну жактаганы менен белгилүү болгон.

Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.

БАЭ президенти эмират элинин атынан терең ыраазычылык айтып, бул демилгени жогору бааларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Аkjol18
2022-11-01 12:34:00
Аа,эми таапсыңар пахтанын жаңы сортун. Өзүбүздүн геология,жаратылышты коргоо тармагында иштеген ардактуу инсандарыбызга да бирден чокуну ыраа көрүп койгула бай болгурлар.
+3
Багыш
2022-11-01 13:57:00
Жаңылбасам Путиндин ысымы ыйгарылган чоку да бар беле. Кыргыздын чыгаан инсандары чачтан көп го. Эмне себептен жат адам коюлду кызык. Кыргыз үчүн жанын канын аябаган баатырларыбызды коелучу эч болбосо. Өзүбүз сыйлабасак өзгө сыйламак беле .
+2
Antiradikal11
2022-11-01 15:10:00
Багыш ошону доопарас шефине эмне айтпайсын? 2 дос доопарас десем ишенбейсин. Бул шейх Дубайдан квартира берсе керек да Аферист шефине......
+16
Багыш
2022-11-01 17:20:00
Antiradikal11 оозуңа келгенди оттой бербе. Мен бул бийликтин тарапташы эмесмин эч бир бийликтин тарапташы болгон эмесмин. Мен колдогон баа берген саясатчылардын баары жердин астында. Эртең Адаханың бийлик е келсе дагы падыша журт башы катары сыйлайм. Башчыга баш ийгиле. Силерге падыша башчы жиберем ага баш ийгиле деген ыйык китепте. Бир атанын беш баласы укпай беш баласы беш жактан акылдуу болуп турса сага окшоп ата байкуш не кылат анан.
-3
Багыш
2022-11-01 17:30:00
Antiradikal11 Өлкөгө стабилдүүлүк керек. Кайра кайра ат тезегин кургатпай революция боло берсе өлкө аркага кетет. Баарыбызда эле жаман жакшы жак бар моюнга алыш керек. Жакшы жакты да көрө билиш керек. Жерди сууну сатыш боюнча келсек Акаевге эчким жетпейт даже рекорд койгон. Биз билбеген фактылар дагы канча. Бир ууч нанга жетпеген күндү кордук элдин баары эле.
-3
Antiradikal11
2022-11-02 19:32:00
Багыш, сенин 2 доопарасын Акаевдин рекордун жанылайт бул кетиште, Кемпирабадды сарттарга, Баткееюндин жарымын тажиктерге сатып...... Ушундай эл душманын сыйлап эмес, камаш керек!!!!!! Президент болсо да......
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан