"Аксунгур дагы биздики". Камчыбек Ташиев билдирүү жарыялады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына учкучсуз учуучу аппаратты кармап түшкөн сүрөтүн жарыялады.

"Эми Аксунгур дагы биздики", - деп жазды сүрөттүн алдына Ташиев.

Октябрь айында Камчыбек Ташиев Түркиянын "Байрактар" орто бийиктиктеги оперативдүү-тактикалык учкучсуз учуучу учагынын "Акынжы" үлгүсүнүн жанынан түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Акынжы” биздики. Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22", - деп жазган анда Камчыбек Ташиев.

Aksungur - бул түркиялык учкучсуз учуучу аппарат. Анын узундугу 12 метр, салмагы 1800 килограмм. Бул учкучсуз учуучу аппарат саатына 250 чакырым ылдамдыкта уча алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emirchik
2022-11-03 02:15:00
Эми жавелин Стингер алгыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан