Бишкек шаардык мэриясы эртең, 10-ноябрда Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында таза суу берүү убактылуу токтотуларын маалымдады.
Анда айтылгандай, таза суу саат 9:00дөн 18:00гө чейин үзгүлтүккө учурайт.
Мындай чектөө "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн киргизилди.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.